Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № XXXV-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2021-жылга калган калдык акча каражатын иштетүү максатында Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жакшыртуу максатында ар 3-жылда бир жолу кадам көтөрүлөт. 2021жылга көтөрүлгөн кадамдарга эмгек аки төлөө үчүн 70111-бөлумдун 2111-беренесине 214,8миң сом; 70111-бөлумдун 2121-беренесине 31,8 миң сом; 2211-беренесине 16,0миң сом. Бардыгы-262,6 миң сом.
2. 2020-жылдын жыйынтыгы менен 01.01.2021-жылга калган калдык карыздарга төлөө учун 70491-бөлумдун 2215-беренесине 168,6 миң сом; 2222-беренесине-100,0 миң сом 70629-болумдун 2221-беренесине 236,3 миң сом; 70921болумдун 2224 -беренесине-15,9 миң сом; 2231-беренесине 4,1 миң сом. Бардыгы-524,9 миң сом.
3. 2020-жылда аткарылбай калып кеткен долбоорлор үчүн: Солтобаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруулорду орнотууга -200,0 миң сом; Бостон айылындагы Жаны-конуштардагы скважинаны капиталдык ремонттоо үчүн -700,0миң сом; Гулистан айылындагы Уста-Алим жана Бок-көчө көчөлөрундөгү элдер үчүн КТП-160-кВт трансформаторун орнотууга-500,0 миң сом; Бостон айылындагы скважинага резервуар сатып алуу үчүн -75,0 миң сом. (70629-болумдун 3111-беренесине-1200,0 миң сом; 2221-беренесине-275,0 миң сом). Бардыгы-1475,0 миң сом.
4. 2021-жылга инвестициялык долбоорлорду колдоого-461,1 миң сом; Гулистан айыл аймагы аркылуу өтүүчү айлана жолго шагыл төшөө үчүн -800,0 миң сом. Аймактагы балдар бакчаларындагы тамак ашынын сапатын жакшыртууга -200,0 миң сом. (70629-болумдун 3111-беренесине 800,0миң сом; 2221-беренесине-461,1миң сом, 70911 бөлүмдүн 2218 – беренесине 200,0 миң сом). Бардыгы-1461,1миң сом.
5. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
Гулистан айылдык кеңешинин (VI-шайланган) кезексиз
XXХV-сессиясынын № ХХХV-2 токтомуна № 1 тиркеме
2021-жылдын 1-январына болгон калдык | 3723,6 |
70111-бөлүмдун 2111-беренесине | 214,8 |
2121-беренесине | 31,8 |
2211-беренесине | 16,0 |
70491-бөлүмдүн 2215-беренесине | 168,6 |
2222-беренесине | 100,0 |
70629-бөлүмдүн 2221-беренесине | 972,4 |
3111-беренесине | 2000,0 |
70921-бөлүмдүн 2224-беренесине | 15,9 |
2231-беренесине | 4,1 |
70911-бөлүмдун 2218-беренесине | 200,0 |
Бардыгы | 3723,6 |
Гулистан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | А.Таштемиров |