Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № XXXV-3
Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” жана “Теремок-Гулистан” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ата-энелер комитетинин жалпы чогулуш протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” жана “Теремок-Гулистан” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-энелер комитетинин кезектеги жалпы чогулуштары болуп өттү. Бул чогулуштарда ата-энелер балдар бакчасындагы азыркы абал, онлайн окутуудон реалдуу окутууга өтүү керектиги, азык-түүлүк продукцияларын баасы өсүп кеткендигине байланыштуу, тамак-ашка төлөнүүчү төлөмдүн ашыруу керектиги боюнча маселелер каралган. Гулистан айыл кеңеши жогорудагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ата-энелер комитетинин жалпы чогулуштарын протоколдру менен танышып чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айылындагы “Гүлбакча” балдар бакчасынын 2021-жылдын 28-январындагы жана Гулистан айылындагы “Теремок-Гулистан” балдар бакчасынын 2021-жылдын 28- январда өтүлгөн ата-энелер комитетинин жалпы чогулуштарынын протоколдорунун чечимдери бекитилсин. (Протоколдор тиркелет).
2. Гулистан айыл аймагындагы “Гүлбакча” жана “Теремок-Гулистан” балдар бакчаларындагы тамак-ашка ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм бир айына 700 (жети жүз) сом болуп белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер (билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |
Гулистан айыл өкмөтүнүн “Гулбакча”
мектепке чейинки билим берүү мекемесинин
ата-энелеринин жалпы чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Фрунзе айылы 28-январь 2021-жыл
Чогулуш өткөрүлгөн жери: “Гулбакча” балдар бакчасы
Чогулушка катышкандар: Ата-энелердин 80 киши
Чогулуштун төрагасы: Исманова Зулхумор Катчысы: Мадазимова Мадинахон
1. Бала бакчаны онлайн окутуудан офлайн окутууга өтүү жоопкерчилик жери жана ата-энелерден түшкөн арыздар.
2. Ата-энелердин баланы коопсуздугунун сактоо жана ден соолугунун чыңдоодогу аракеттери жана милдеттери.
СҮЙЛӨДҮ: Гулистан айыл өкмөтүнүн “Гулбакча” балдар бакчасынын жетекчиси:
Урматтуу ата-энелер! Онлайн окутуудагы кыйынчылыктар, азыркы мезгилдин талаптары жана реалдуу окутууга өтүү боюнча ата-энелерден түшкөн арыздар жөнүндө маалымат берди.
СҮЙЛӨДҮ: Ата-эенелерден Жораева Эзозхан.
Урматтуу ата-энелер балдардык коопсуздугунун сактоо жана ден соолугун чыңдоодо ата-энелердин төмөнкү милдеттерин эскертти. Баланын тазалыгын бекем кармоо бала бакчага ата-эне өз убагында алып келүү жана алып кетүү, үйүндө балдардын колдорун жууга шарт түзүү жана балдардын температураларын көзөмөл жүргүзүү ата-энелердин милдетти.
СҮЙЛӨДҮ: Ата-энелерден Абдурасулов Хайрулло.
Урматтуу жыйындын катышуучулары! Балдардын ден соолугун чыңдоонун алгачкы жолдорунан бири тамак-аштын калориясына жана сапатына көңүл буруу керектигин айтты. Азыркы мезгилдеги продуктылардын баасынын негизинде ата-энелердин тамак ашы үчүн төмөнкү төлөмдөрүн 500 сомдон 700 сомго чейин көтөрүү керектигин сунуш кылды.
СҮЙЛӨДҮ: Ата-энелерден Куранбаев Абдулазиз.
Ал өз сөзүндө эттин жана майдын баасы көтөрүлүп кеткендигин айтып жогоруда сөзгө чыккандардын сөзүн макулдады.
“Гулбакча” балдар бакчасынын ата-энелеринин жалпы жыйналышы жогорудагылардын угуп жана талкуулап чечим кабыл алды.
ЧЕЧИМ:
1. Ата-энелердин онлайн окутуудан реалдуу окутууга өтүү жөнүндөгү арыздары боюнча аракет жасалсын.
2. Ата-энелерге балдардын коопсуздугун жана ден соолугун сактоо жөнүндөгү милдеттерин өз убагында аткаруу эскертилсин.
3. Ата-энелер балдардын ден соолугун чыңдоо максатында тамак аштын төмөндөрүн 500 сомдон 700 сомго көтөрүү сунуштарын айыл кеңешине билдирилсин жана бекитип берүү суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Катчысы: | Исманова Зулхумор Мадазимова Мадинахон |
Гулистан айыл өкмөтүнүн “Теремок-Гулистан”
мектепке чейинки билим берүү мекемесинин
ата-энелеринин жалпы чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Гулистан айылы 28-январь 2021-жыл
Чогулуш өткөрүлгөн жери: “Теремок-Гулистан” балдар бакчасы
Чогулушка катышкандар: Ата-энелердин 76 киши
Чогулуштун төрагасы: М. Дадабаева Катчысы: Г. Таштемирова
1. Балдарды балдар бакчасына келтирүүчү тартиби
2. Ата-энелер төлөмү
3. 2021-жылдын тамак-аш төлөмдөрүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азат кылуу.
УГУЛДУ: Ата-энелер комитетинин төрайымы Дадабаева М.
Ал өз сөзүндө пандемия шартына байланыштуу балдар бакчасына балдарды атайын тартипке ылайык алып келүүнү сунуштады.
1. Антисептик колдоону
2. Маска тагуу
3. Бир жолу пайдалануучу салфеткалардан пайдалануу керектигин сунуштады.
Ата-энелерге азыркы учурда тамак аш продукциялары кымбат болуп кеткендигине байланыштуу тамак аштын төлөмдөрүнүн өзгөрүүнүн сунуш кылды.
Сөзгө Ата-энелерден Мирбабаев Б- Урматтуу ата энелер жогоруда сөзгө чыккан Дадабаеванын сунушун колдоймун. Ата-энелер төлөмдөрүн 500 сомдон 700 сомго чейин көтөрүүнүн сунуштады.
Бардык чогулушка катышкандар жогоруда сөзгө чыккандардын пикирин макулдап өз пикирлерин билдиришти.
Кун тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча Абдуллаева сүйлөдү. Ал оз сөзүңдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөмдөрдөн жардам көрсөтүүнүн сунуштады.
Жогорудагы сунуштар талкууланып төмөнкүчө чечим кабыл алынды
ЧЕЧИМ:
1. Балдарды пандемия шартына ылайык бала бакчага өз убагында алып келүү уюштурулсун.
2. Ата-энелердин тамак-ашы үчүн төлөмдөрүн 500 сомдон 700 (жети жүз) сомго жогорулатуу маселеси Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл кеңешинин суралсын.
3. Үй-бүлө шартына ылайык төмөнкү балдар тамак аштын төлөмдөрүнөн бошотулсун.
Хожиев Фирдавс
Атабаева Мадина
Мирбабаева Сарвиноз
Райымжонова Мубина
Жураева Алийма
Сайназарова Зиннура
4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы ата-энелерди комитетине милдеттендирилсин
Чогулуштун төрагасы: Катчысы: | М.Дадабаева Г.Таштемирова |