Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXV -сессиясы
2021-жылдын 9-февралы № XXXV-4
“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Гулистан айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы №26-1 токтому жана ал токтомго өзгөртүү киргизүү үчүн Гулистан айылдык Кеңешинин 32-1-сессиясында кабыл алынган 2020-жылдын 3-августундагы №26/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы №26-1 токтому жана ал токтомго өзгөртүү киргизүү үчүн Гулистан айылдык Кеңешинин 32-1-сессиясында кабыл алынган 2020-жылдын 3-августундагы №32-1 токтому төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:
- Гулистан айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 4 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 94,95,139,168 контурунда жайгашкан жалпы 1333 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Тажимаматовго долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |