Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXVI -сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № XXXVI-1
Гулистан айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча жеке агроном Сабиров Октомдүн маалыматын угуп жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-февралындагы № 01-25/184 сандуу катын карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Респуьликасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 Мыйзамынын негизинде Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагындагы 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин талааларын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо-3000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгин талааларды дарылоо 2000,0 сом, 1,0 га жер аянтындагы бак-дарактарды бутоо жумуштары дарактын көлөмүнө жараша 30 – 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген бутоо, зыянсыздандыруу жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдорго кызмат акынын өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агрономдорго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айыл кенешинин айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |