Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXVI -сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № XXXVI-3
Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылындагы “Кочкор-Ата” участкасынын тургуну Кадиржанова Зебохон Расулжоновнанын арызын кароо жөнүндө
Гулистан айылдын кеңешинин төрагасынын атына Беш-Коргон айлынын “Кочкор-Ата” участкасынын тургуну Кадиржанова Зебохон Расулжоновнанын атынан арыз берилген. Бул арызда Кадиржанова Зебохон Ош Технологиялык Университетинин Гуманитардык-Технологиялык Колледжине окууга киргендиги жөнундө, үй-бүлөлүк шарты начар болгондугунан окууга контрактты төгүүгө мүмкүнчүлүк жок экендиги боюнча кайрылган. Ошондуктан ал Гулистан айылдык кеңештен 2020-2021-окуу жылына контрактты Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен төгүлүшүнө жардам беришти сураган. Гулистан айылдык кеңеши Кадиржанова Зебохондын арызын көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Коргон айылындагы “Кочкор-Ата” участкасынын тургуну Кадиржанова Зебохондын акыйкаттан үй-бүлөлүк шарты начар болгондугунан, берген арызы канаатандырылсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кадиржанова Зебохон Расулжановнанын атына Ош Технологиялык Университетинин Гуманитардык-Технологиялык Колледжине 20000 (Жыйырма миң) сом акча каражаты которуп берилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
4. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: | У.Мирзакулов |