КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги №28-сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 115-беренесинини 4-пунктуна ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына статьялар аралык өзгөртүү киргизүү жана пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБнун кайрылуусун угуп талкуулап Көк-Арт айыл кенеши
Токтом кылат.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 9-ай ичинде пландан ашыкча түшкөн киреше салыгынан 700,0 мин сом, айыл чарба багытында жерлерден түшкөн 100,0 мин сом жалпы 800,0 мин сом акча каражаты Бюджет кодексине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй
- Жаңы ачылган Бал-Бала-1 балдар бакчасынын электр энергиясына 250,0 мин сом,
- М.Орозалиева кичи мектебинин ажатканасын толугу менен бүтүрүүгө 150,0 мин сом,
- Жалгыз-Жангак айылынын Т.Чекиров көчөсүнө электр мамытчаларын алууга 100,0 мин сом,
- Жалгыз-Жангак айылынын Ж.Калназаров көчөсүнө асфальт төшөөгө 200,0 мин сом,
- М.Орозалиева мектебине видио көзөмөл орнотууга 50,0 мин сом,
- Жерге-Тал айылынын Кыдыралиев көчөсүнө электр мамытчаларына А-35 зымын алууга 50,0 мин сом жапы800,0 мин сом бөлүмдөр аралык беренелерге толукталып жумшалсын.
2. Жасалган жумуштардан 9-ай ичинде мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн акча каражаты
ЖКХ-бөлүмүнүн 2221-беренесинен 73,2мин сом
Аппарат бөлүмүнүн 3111-беренесинен 321,0 мин сом
Аппарат бөлүмүнүн 3112-беренесинен 5,1 мин сом, жалпы399,3 минсом азайтылып, төмөндөгүдөй багытта жумшалсын
- Бал-Бала-1 балдар бакчасынын имаратын ремонттоого 259,0 мин сом,
- Шабданов мектебинин жылытуу мечин оңдоого жана бөлмөнү пластик менен бөлүүгө 138,3мин сом ,
- Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имаратынна интернет акысы үчүн 2,0 мин сом жалпы 399,3 мин сомберенелерге толукталып жумшалсын. № 1 тиркеме
3. Көк-Арт айыл кеңешинин 28-декабрь 2020-жылдагы № 1 токтомунун 9-тиркемесине ылайык ЖКХ-бөлүмүнүн 3112 беренесиндеги таза-сууга акылдуу эсептегичтерди алууга бөлүнгөн 300,0 сом акча каражатынын багытын өзгөртүү менен ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-курулмалар беренесине толуктап, суу кампалардын ремонттору жана суу түтүктөрүн алууга жумшалсын.
4. 2021-жыл ичинде тендоо грант эсебинен каржылоого багытталган чыгымдарды каржылоо булактары № 2 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
5. Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин финансы башкармалыгынан суралсын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко жүктөлсүн.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |
Көк-Арт айыл кеңешинин 25-октябрь 2021-жылдагы
28-сесиясынын 1-токтомунун №1-тиркемеси
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү таблицасы
№ | Бөлүмдөр | Беренелер | Азайтуу | Көбөйтүү |
1 | 70111 Аппарат | 3111 | 321,0 |
|
| 70111 Аппарат | 3112 | 5,1 |
|
4 | 70629 ЖКХ | 2221 | 73,2 |
|
| 70629 ЖКХ | 3112 | 300,0 |
|
6 | 70629 ЖКХ | 3111 |
| 300,0 |
| 70911 Бала бакча | 3111 |
| 259,0 |
| 70921 Орто мектеп | 3111 |
| 138,3 |
| 70111 Аппарат | 2212 |
| 2,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы |
| 699,3 | 699,3 |
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы: ФЭБ башчысы: | Э.Жумуков З.Абдукаимов |