КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 2
Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет комитетинин отурумунун протоколу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2021-жылдын 9-айлык бюджетинин жыйынтыгы жөнүндө берген протоколдук маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 9-айлык бюджетинин жыйынтыгы менен өткөзүлгөн отурумунун протоколу жактырылсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |