КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 3
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу үрөнчүлүк чарбаларды, фермерлерди, кооперативтерди текшерүү максатында убактылуу комиссия түзүү боюнча Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Т.Эгембердиевдин берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин жана кооперативтердин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында 9 (тогуз) адамдан турган убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Убактылуу комиссия төмөндөгү курамда бекитилсин :
У.Темиров – убактылуу комиссиянын төрагасы;
Абдыкерим уулу Талант – мүчөсү;
К.Маматов – мүчөсү;
А.Шооруков – мүчөсү;
У.Асранов – мүчөсү;
Ж.Матиев – мүчөсү;
Т.Эгембердиев – мүчөсү;
Т.Сыдыков – мүчөсү;
М.Кумуев – мүчөсү.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |