КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 5
Үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери сессияга келбегендиги үчүн эскертүү берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты А.Сатаровдун үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилери сессияга келбегендиги үчүн эскертүү берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Дан” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Алян кызы Куттубугө, “Малтабар” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Кадыралиев Талантка, “Шерикмамат” үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси Алиев Мелисбекке 2021-жылдын 25-октябрындагы сессияга чакырылып, бирок келбегендиги үчүн эскертүү берилсин.
2. Үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилерине эскертүүнү берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы К.Арстанбековко жана жер маселелери боюнча адис Т.Акназаровко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына
жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |