Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 7

Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы Ж.Базаркулов көчөсүнө шагыл төгүп берүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты А.Сатаровдун Жерге-Тал айылындагы Ж.Базаркулов көчөсүнө шагыл төгүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы Ж.Базаркулов көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен шагыл төгүп берүү жагы каралсын.

2.    Акча каражатын бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ФЭБнө милдеттендирилсин.

3.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына

жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров