Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-августу № 94
“Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына сугат скважиналарды кабыл алуу жөнүндө”
Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына сугат скважиналарын кабыл алуу жөнүндө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбеков Б.Ж. маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25 статьясынын 2-пунктуна ылайык, “Муниципалдык мүлкүнүн менчиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 2- пунктуна ылайык, ошондой эле Москва райондук суу чарбасынын башкармалыгынын № 02-24/1453а катынын негизинде, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Төмөнкү даректеринде жайгашкан сугат скважиналар Беловодск айыл
өкмөтүнө муниципалдык менчикке бекитилсин:
-Беловодск айылы, Красноармейская көчөсү, № жок;
-Беловодск айылы, автобазанын арт жагында (жуучу жайы);
-Беловодск айылы, Октябрьская көчөсү, № жок;
-Беловодск айылы, К.Джакыпов көчөсү № жок;
-Беловодск айылы, Красноармейская көчөсү, № жок;
-Беловодск айылы, РИИБ артында (“Бакыт” б/б);
-Беловодск айылы (автобаза).
2. Жооптуу катчы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым | А. Иманкулова |