Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVI -сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 1
Чаткал айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46,50-беренелеринин негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин жана коюлган милдеттеринин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын 12 айындагы аткарган иштери боюнча отчету жана коюлган милдеттеринин аткарылышы жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 2020-жылдагы Чаткал айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 12 айындагы көрсөткүчтөрү, аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин катчысы М.Абдувалиевге тапшырылсын.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: | Эргеш уулу У |