Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXI -сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 5
Кен казуу ишканалары жөнүндө
Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш айылынын Ири Сай участкасынан “ Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу иштери боюнча арызын талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн 18.08.2020-жылдагы № 01-17/547 кириш сандуу “Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын чачыранды алтын казуу жөнүндөгү жер пайдаланууга берген арызы боюнча Курулуш айылындагы жергиликтүү калктын суроо талаптарынын негизинде 2021-жылдын 10-мартына чейин атайын Чаткал айыл аймагындагы кен казуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы бар ишканалардын жетекчилери менен биргеликте элдик жыйын уюштурулуп жаткандыктан элдик угуунун негизинде уруксат берүү жагы каралсын.
2. “Акилбирс-Афлатун” ЖЧКсынын жетекчисине жана айыл аймактагы кен иштетүү үчүн кат берген ишканаларга КРнын тынч чогулуштар жөнүндөгү мыйзамына ылайык элдик угуу өткөрүүгө атайын белгиленген күнүн көрсөтүү менен кат берилсин.
3. Жогорудагы маселелер боюнча мөөнөтүнөн кечиктирбей иш алып баруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: | Эргеш уулу У |