Редакцияот 12.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXI -сессиясы

2021-жылдын 12-февралы № 6

Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө

Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун жергиликтүү тургундардан келип түшкөн арыз кайрылуулары жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXХI -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айыл аймагынын 03.02.2021-жылдагы Жаны Базар айылындагы элдик жыйындын токтомунун негизинде Кызыл Жар участкасындагы жолду 10 метрге чейин төмөндөтүп ондоо иштери боюнча билдирүүсү эске алынсын.

2.    Жаны Базар айылынын чыгыш тарабындагы Ала Бука Каныш Кыя авто жолун ондоо боюнча Чаткал ДЭУ 27 ишканасынын балансында тургандыктан ондоо иштери боюнча элдик жыйындагы суроо талаптар Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына атайын кат жөнөтүлсүн.

3.    Жөнөтүлгөн кат боюнча берилген маалыматты жергиликтүү тургундарга өз убагында жеткирүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Чаткал айыл аймагына караштуу Чандалаш участкасындагы окуучуларды Жаны Базар айылына мектепке ташуу үчүн автоуна айдоочунун бир күндүк эмгек акысы 700 сомдон, Курулуш айылындагы Арал участкасындагы окуучуларды мектепке ташуу үчүн автоуна айдоочунун 1 күндүк эмгек акысы 700 сомдон болуп бекитилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешине жүктөлсүн. 

 

Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:

Эргеш уулу У