Редакцияот 03.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II -сессиясы

2021-жылдын 3-майы № 2

Чаткал айылдык кенешинин Регламенти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан регламенттин долбоорун талкуулап, Чаткал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун, жумушчу топтун жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын маалыматтарын угуп, талкуулап, Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы жаңы регламенти кабыл алынсын.

2.    2017 - жылдын 17-январындагы Эл депутаттарынын Чаткал айылдык округдук  кеңешинин регламентин кабыл алуу жонундо” Эл депутаттарынын Чаткал айылдык округдук кеңешинин VI чакырылыштагы 2-сессияясынын 1-чечими күчүн жоготту деп табылсын.

3.    Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Бул токтом тиркемеси менен расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Абдувалиевге жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чаткал айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.

 

Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Козубаев