ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын I -сессиясы
2021-жылдын 3-майы № 3
Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Чаткал айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүн жана төрагаларын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын I-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чаткал айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары бекитилсин.
1. Коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен менен байланыш, айыл чарбасы жана Архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
Төрагасы:_У.Абдыкеримов,
Мүчөлөрү: А.Карашева,Т.Максымбеков,Т.Исмаилов,О.Абдыкалыков
2. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,
Төрагасы: Мураталиев Н
Мүчөлөрү: Ж.Исматова, Бактыбек уулу Н, Дубанаев Т.
3. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
Төрагасы: К.Карабаев,
Мүчөлөрү:С.Абдылдаева, З.Ажыбеков, Ж.Кулушов, К.Мазирбаев
4. Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча, жаштар, спорт, маданият жана социалдык( билим берүү жана саламаттыкты сактоо) маселелер боюнча.
Төрагасы: Алманов К
Мүчөлөрү: М.Кенжебаева, Ч.Шеримбетова, А.Субанова, А.Досумбетова
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жана иш пландарын иштеп чыгуу ар бир туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Козубаев |