Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II -сессиясы

2021-жылдын 11-июну № 4

“Акилбирс Афлатун” ЖЧКсына уруксат берүү жөнүндө

Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылына караштуу Курулуш ЖЭЭК участкасынан № 6777 АE лицензияга ылайык аймактан 11 га жер аянтына “Акилбирс Афлатун” ЖЧК ишканасына кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап Чаткал айылдык кенешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    “Акилбирс Афлатун” ЖЧК ишканасына Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылына караштуу № 6777 АE лицензиялуу Курулуш ЖЭЭК участкасынан элдик жыйндын макулдугунун негизинде 11 га жер аянтына кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2.    “Акилбирс Афлатун” ЖЧК ишканасына Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жана рекултуациялык иштерди жүргүзүү , КРнын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн төлөмдөрдү жана элдик жыйында макулдашылган башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө жагы милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Козубаев