БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 2
Айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековдун 2021-жылдын 23-июлундагы № 01-16/700 сандуу кайрылуусунда айтылган “Маданият” көзөмөл өткөрүү пунктуна санитардык карантин күзөтүн куруу максатында менчик ээлери М. Акматов 33 кв.м жана Э. Кайкиевдин 15 кв.м жер аянтын менчик ээлеринин макулдугу менен муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маданият” көзөмөл өткөрүү пунктуна санитардык карантин күзөтүн куруу максатында менчик ээлери М. Акматов 33 кв. м жана Э. Кайкиевдин 15 кв.м жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн 33 кв м жана 15 кв.м жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын даярдап “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан мамлекеттик акты жасатуу жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А. Оморбековко милдеттендирилсин.
3. Менчик ээлери М. Акматовко жана Э. Кайкиевке мыйзамдуу жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. М. Толубаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | Б. Кубатов |