Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXX сессиясы
2021-жылдын 30-январы № 3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы 01.01.2021-жылга калган 362,8 миң сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы 01.01.2021-жылга калган 362,8 миӊ сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Осмоновтун маалыматын угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамынын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеӊешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXX -сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы 01.01.2021-жылга калган 362,8 миң сом калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Осмоновтун маалыматы эске алынсын.
2. Аппарат кызматкерлерине канцелярдык товар жана чарбалык товар алууга 300 мин сом, Бүргөндү айыл өкмөтүндө кошумча ачылып жаткан балдар бакчасынын тамак –ашына 62,8 миң сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтына жарыялансын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маматаевке жүктөлсүн
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |
Бүргөндү айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын
XXXX-сессиясынын №2 токтому 1- тиркеме
Аппарат берене __________________ №_______
| № | Аталышы | сумма |
| |
| 1 | Канцелярдык товар жана чарбалык товар алууга | 300 |
| |
| 2 | Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын тамак ашына | 62,8 |
| |
|
| Баары | 362,8 |
| |
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы: | А. Сатыкулов | ||||
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: | М. Осмонов | ||||