БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 4
Бүргөндү айыл аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршыэмдөө акыларын бекитип берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу, үй жаныбарларын ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү максатында ветеринардык адистердин тарифтерин бекитип берүүнү сурап кайрылган Ж. Осмоновдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Ж. Осмоновдун 2021-жылдын 22-мартындагы № О- 29 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, ар түрдүү ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү максатында төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
Жылкыга -50 сом; - тоокко – 5 сом;
Кара малга – 50 сом; - клинический осмотр- 200 сом;
Кой, эчкиге – 20 сом; - чөбүн алууга – 500 сом;
Итке – 70 сом; - кесерво (операция) – 2500 сом;
Кара малдан кан алуу-20
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы үй жаныбарларын сапаттуу вакциналар менен өз убагында эмдөө Ж. Осмоновко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |