Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXIX сессиясы
2021-жылдын 23-январы № 3
Максаттуу трансфертти бөлүп берүү жөнүндө
Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Бүргөндү жана Достук айыл аймактарындагы калкка каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу максатында финансылык каражаттарды, материалдык жана башка ресрустарды бириктирүү менен өз ара аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 55-беренесинин негизинде, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Бүргөндү жана Достук айыл аймактарынын тургундарына каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттердин планын турмушка ашыруу үчүн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом максаттуу трансфертти Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бөлүп берүүгө макулдук берилсин
2. Улуш токтомдун негизинде Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөттүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |