Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXIX сессиясы
2021-жылдын 23-январы № 4
Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндөгү айыл тургундарынын элдик жыйындарынын протоколдорундагы сунуштарды угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагында төмөндөгүдөй курамда Аксакалдар сотунун мүчөлөрү бекитилсин:
- Кубатов Тажимырза;
- Халиев Абдугани;
- Кожомуратов Абдимиталип;
- Абдуллаев Бакыт;
- Мырзахмедов Токторали;
- Хамитов Арипжан.
3. Айыл тургундарынын Аксакалдар сотуна тиешелүү болгон иш – чаралар планын түзүү жана аткарылышын колго алуу жагы мүчөлөргө жүктөлсүн.
4. Аксакалдар сотунун ишине көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |