Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXIX сессиясы
2021-жылдын 23-январы № 5
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2021-жылдын 22-январындагы № 01-16/59 сандуу катын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 сандуу токтомуна ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жана ишке ашыруу жөнүндө Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун 2021-жылдын 22- январындагы № 01-16/59 сандуу каты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 сандуу токтомуна ылайык Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жана ишке ашыруу жөнүндө Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен эки тараптуу келишим бекитилсин.
3. Атайын түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барылуусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |