Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXIX сессиясы
2021-жылдын 23-январы № 6
Наам ыйгаруу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2021-жылдын 18-январындагы № 01-16/43 сандуу Бүргөндү айылдык кеңешинин учурдагы депутаты Разакулов Салмоорбек Советбековичти Ноокен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына, ал эми Курама айылынын айыл башчысы Жороев Кадыржан Парпибаевичти Ноокен районунун “Ардак Грамотасына” көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIX - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2021-жылдын 18-январындагы № 01-16/43 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айылдык кеңешинин учурдагы депутаты Разакулов Салмоорбек Советбековичти Ноокен районунун “Ардактуу Атуулу” наамына, ал эми Курама айылынын айыл башчысы Жороев Кадыржан Парпибаевичти Ноокен районунун “Ардак Грамотасына” көрсөтүү сунушталсын.
3. Жогоруда аты аталган жарандарга наам ыйгаруу боюнча сунуш жана тиешелүү иш кагаздары Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |