Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXVIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 3
А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун О. Каипов атындагы Маданият үйүнүн имаратынын сырткы бөлүгүнө брусчатка басуу жөнүндөгүн сунушун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы О. Каипов Маданият үйүнүн имаратынын сырткы бөлүгүн ремонттоо жана астына брусчатка басуу максатында түрткү берүүчү грантка даярдалган 2 703 273 (эки млион жети жүз үч миң эки жүз жетимиш үч миң) сомдук долбоор жактырылсын.
3. Түрткү берүүчү грантка даярдалган долбоордун депозити үчүн 27% өлчөмү же 729 884 (жети жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз сексен төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Жогоруда ажыратылган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. 27 % депозитти жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика мөлүмүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |