КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 6-сентябры № 5
“Көк-Арт тазалык – таза суу” муниципиалдык ишканасынын акылдуу суу эсептегич коюуудагы казуу иштерин жүргүзбөй жаткан абоненттер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына Ылайык “Көк-Арт тазалык – таза суу” муниципиалдык ишканасынын акылдуу суу эсептегич коюуудагы казуу иштерин жүргүзбөй жаткан абоненттер жөнүндө айылдык кеңештин депутаты А.Сатаровдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. “Көк-Арт тазалык-таза-суу” муниципиалдык ишканасы тарабынан акылдуу суу эсептегичтерди коюуда казуу иштерин жүргүзбөй жаткан абоненттерге эскертүүлөр берилсин.
2. Эскертүүдөгү көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруудан абонент тарабынан баш тартып жана тишелүү мөөнөттө аткарылбаган учурда абонентке суу берүү жагына бөгөт коюлсун жана суу түтүкчөлөрү кыркылсын.
3. Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы “Көк-Арт тазалык-таза-суу” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Энназаровко милдеттендирилсин.
4. Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүлүүсү көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |