КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 3
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы №128 Контурундагы мамлекеттик фондунун кайракы айдоо 10,40га жер тилкесинин Генпланын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы №128 контурундагы мамлекеттик фондунун кайракы айдоо 10,40га жер тилкесинин Генпланын бекитүү жөнүндө Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы №128 контурдагы Мамлекеттик фондунун кайракы айдоо 10,40га жер тилкесинин Генпланы бекитилсин.
2. Иш-чараларды алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |