КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 12
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну А. Исабековалардын үй-бүлөсүнө тиешелүү жер үлүшүн жеке менчикке бекитип берүү үчүн буйрук чыгарып берүу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну Айсадахан Исабекованын үй-бүлөсүнө тиешелүү жер үлүшүн жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровдун берген сунушун жана маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын тургуну жеке дыйкан Айсадахан Исабекованын үй-бүлөсүнө 6 жанга үлүш катары 2001-жылы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагынан бөлүнүп берилген 1,8 га шарттуу суугат, 0,60 га кайракы айдоо, жалпы 2,4 га айдоо жер аянты жеке менчикке буйрук чыгарып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана тиешелүү иш чараларды алып баруу жагы жер адиси Т.Акназаровко милдеттендирилсин.
3. Жер үлүшүн жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү буйругунун мыйзамдуулугу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |