Редакцияот 04.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы

2021-жылдын 4-майы № 1

“Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперативине тегирмен куруу үчүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагынан берилген 1984-жылдагы карта боюнча 196-контурдагы 5000м2 жерди муниципиалдык менчикке өткөзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперивине тегирмен куруу үчүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагынан берилген 1984-жылдагы карта боюнча 196-контурдагы 5000м2 жерди муниципиалдык менчикке өткөзүү боюнча жер адиси Т. Акназаровдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:

1.  “Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперативине тегирмен курууга Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагынан 1984-жылдагы карта боюнча 196-котурдан, Ташимбетов жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинен берилген 5000м2 жер тилкеси муниципиалдык менчикке алынсын.

2.  Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Акназаровко милдеттендирилсин.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров