КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы
2021-жылдын 4-майы № 3
Мамлекеттик фондто турган жерлерди Көк-Арт айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Акназаровдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунда турган жерлерди Көк-Арт айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Акназаровко милдеттендирилсин
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |