КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIV -сессиясы
2021-жылдын 4-майы № 4
2021-2023-жылдарга карата Көк-Арт айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. 2021-2023-жылдарга карата Көк-Арт айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |