Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2003-жылдын 25-сентябры № 216
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
(КР 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
(КР 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-статья.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "өнүгүүнүн индикативдик планы-
нын" деген сөздөр "экономикалык прогнозунун" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
2. 40 - статьянын экинчи бөлүгүндө "көрсөткүчтөрүнүн" деген сөз
"прогноздорунун" деген сөз менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республика-
сынын индикативдик планында каралган" деген сөздөр алып салынсын.
3. 47-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "индикативдик пландын көрсөт-
күчтөрүнүн," деген сөздөр алып салынсын.
3-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев