Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 2
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жерге-Тал айылынын тургуну Насирдинов Тынчтыктан түшкөн арызынын негизинде,Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылындагы “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолундагы “Насирдин-Ата” АЗС май куйуучу жайынан баштап “Зерновой” каналын бойлоп кеткен көчөгө, биринчи көпүрөгө (тосмого) чейин Ташиев Орозали Насирдиновичтин аты коюлсун.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |