Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 6

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн СПАнын жетекчиси О.Кыдыралиев 2020-жылы аткарган иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык СПАнын жетекчиси О.Кыдыралиевтин 2020-жылы аткарган иштери жөнүндө берген отчетун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын эсептөө комиссиясы деп төмөндөгү тизмеге ылайык бекитилсин:

1) Сатаров Айбек – эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат;

2) Акпаралиева Гулшат – эсептөө комиссиясынын катчысы – айылдык кеңештин жооптуу катчысы;

3)        Кумуев Мирбек – эсептөө комиссиясынын мүчөсү – депутат.

2.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн СПАнын жетекчиси О.Кыдыралиевтин 2020-жылы аткарылган жумуштары жөнүндө берген отчету канатандыраарлык деп табылсын.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров