Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 7
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ЖПБнын жетекчиси А. Батыровдун 2020-жылы аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык ЖПБнын жетекчиси А. Батыровдун 2020-жылы аткарган иштери жөнүндө берген отчетун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын эсептөө комиссиясы деп төмөндөгү тизмеге ылайык бекитилсин:
1) Сатаров Айбек – эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат;
2) Акпаралиева Гулшат – эсептөө комиссиясынын катчысы – айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
3) Кумуев Мирбек – эсептөө комиссиясынын мүчөсү – депутат.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ЖПБнын жетекчиси А. Батыровдун 2020-жылы аткарылган жумуштары жөнүндө берген отчету канатандыраарлык деп табылсын.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |