КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 8
“Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперативи Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында тегирмен куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык “Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперативинин тегирмен куруу жөнүндө кайрылуусуна ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тегирмен куруу жөнүндө берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. “Золотой Колос” коммерциялык эмес кооперативи тегирмен курууга 1984-жылдагы карта боюнча 196-контурдан, Ташимбетов жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинен 5000м2 жер тилкеси 20 (жыйырма) жылга ижарага берилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бөлүнгөн жерди көргөзүү жана карта көчүрмөсүн чийүү жагы жер адис Т. Акназаровко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |