Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 9
“Кыргызтелеком” ишканасына АТС куруу үчүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагынан жер тилкесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык “Кыргызтелеком” ишканасы АТС курууга жер тилкесин берүү жөнүндө кайрылуусуна ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргызтелеком” ишканасы АТС курууга 1984-жылдагы карта боюнча 432-контурдан, С. Жунусов жана К. Матиев көчөлөрүнүн кесилишинен 300м2 жер тилкеси жеке менчикке бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бөлүнгөн жерди көргөзүү жана карта көчүрмөсүн чийүү жагы жер адис Т. Акназаровко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |