Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII -сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 11

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын продукцияларын зыянкечтерден арылтуу максатында агрономдордун кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын продукцияларын зыянкечтерден арылтуу максатында агрономдордун кызматынын тарифтик баасын бекитүү жөнүндө кайрылуусуна ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын айыл-чарба продукцияларын өндүрүүдө таза түшүм алуу, ар түрдүү отоо чөптөрдөн, зыянкечтерден арылтуу максатында агрономдордун кызматынын тарифтик баасы бекитилсин:

1)        Бир түп бакка 2 (эки) метрге чейин 25 (жыйырма беш) сом;

2)        Бир түп бакка 2(эки) метрден жогору болсо 45(кырк беш) сом;

3)        0,01 га жерди дарылоо үчүн 25 (жыйырма беш) сом

4)        Даары менен камсыз кылуу дыйкандардын эсебинен жүргүзүлөт.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров