Редакцияот 03.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы

2020-жылдын 3-декабры № 1

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Көк-Арт айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндөгү 2020-жылдын 03-декабрындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун карап чыгып , Көк-Арт айыл кеңешинин 6 чакырылышынын 21-сессиясы

Токтом кылат

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын № 1 протоколу бекитилсин.

2.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушун алган Жумуков Эмильбек Маматжанович шайланды деп эсептелсин. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров