Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы
2020-жылдын 3-декабры № 2
Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “ИЖЭӨ” программасын бекитүү жөнүндө
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын 2020-жылдын 19-ноябрынын №291 буйруктун негизинде түзүлгөн демилгелүү жумушчу топ, Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы менен биргеликте “Тараптардын диалогу жана кызматташуусу аркылуу айылдык жамааттарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү”программасы боюнча (ИЖЭӨ 2021-2025-жж.) даярдалган планын Көк-Арт айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап токтом кылат;
1. Көк-Арт айыл аймагынын 2021-2025 жылдарга даярдалган “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү” программасы бекитилсин.
2. 2021-2025-жылдарга бекитилген Көк-Арт айыл аймагынын “Инклюзивдүү Жергиликтүү Экономикалык Өнүгүү”программасы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |