Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2022-2023-жылдарга божомолун бекитүү булактарын бекитүү жөнүндө
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2022-2023-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмунүн башчысы Ж.Садыковтун билдируусун угуп, талкуулап Көк-Арт айылдык Кенешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII – сессиясы токтом кылат
1. 2022-жылга 16765,7 мин сомго, 2023-жылга 17236,3 мин сомго жергиликтүү бюджеттин кирешелери, ал эми 2022-жылга 8028,7 мин сомго, 2023-жылга 7974,4 мин сомго теңдөө грантынын божомолу бекитилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин, 2021-жылга бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковтун билдирүүсүн эске алып , 2021 – жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 16963,9 мин сомго, атайын каражаттардын суммасы 2142,0 мин сомго, жалпы 19105,9 мин сом бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 2021-жылга 7587,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 19105,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. КР Өкмөтүнүн 16.04.2019-жыл № 102-Б буйругуна ылайык 2021-жылга электр энергиясынын 479,7 кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6. 2021-жылга башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү чыгымдар суммасы 1970,9 мин сом, мүлктү учурдагы оңдоого 35,0 мин сом, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 100,2 мин сом, имарат жана курулуштарга 200,0 мин сом, машиналарды жабдууларды алуу чыгымдары 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин саны 22 штат бирдиги кармалсын , айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7 августундагы № 466 токтомунун негизинде 4465,5 мин сом бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64-токтомунун негизинде Көк-Арт айыл кенешинин жоопту катчысынын 1 штат бирдиги каралсын жана 191,6 мин сом эмгек акы фонду бекитилсин.
9. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы учун бир айга 240 литр бензин бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 167,9 мин сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
11. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды өз денгээлинде кармоо учун вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгө кутурма ооруларга ит мышыктарды атууга 20.0 мин сом акча каражат каралсын.
12. КРӨнун 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде , жергиликтүү кенештин төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндө “ мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48 беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2021-жылга жалпы кирешеси 500,0 мин сомго, анын ичинен жер салыгы 80,0 мин сом , жайыт үчун төгүлүүчү 420,0 мин сомду түзүп, чыгашасы бекитилсин. Жайыт жерлеринин ижарасынын соц фондко чегерүүлөрүнүн акысы, жайыт пайдалануучулар өздөрү төгүү белгиленсин.
14. 2021-жылга ЖКХ болумунун 2214,2221,3111,3112 беренелериндеги чыгымдар 4091,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын № 16 токтомунун негизинде кармалсын. Эмгек акысы 387,3 мин сомго, соц фондко чегерүү 66,9 мин сом бекитилсин.
16. 2021-жылга китепкана бөлүмүнүн чыгымдары 247,3 мин сом маданият бөлүмүнүн чыгымдары 222,9 мин сом бекитилсин.
17. 2021-жылга билим берүү бөлүмүнүн тамак аш алууга 600,0 мин сом бекитилсин.
18. Балдар бакчаларына ата энелерден тушуучу (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы үчүн 2142,0 мин сомго бекитилсин жана анын чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин.
19. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептердин мугалимдерине КРнын 2003-жылдын 30-апрелининдеги №92 билим берүү мыйзамынын 32-беренесинин 7-пунктуна ылайык жаш мугалимдердин айылга келип иштешине ар тараптуу шарт түзүп жана жардам берүү максатында аларга турак жай куруу үчүн кезексиз конуш ажыратылып, жаш мугалимдерге жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып 6500 (алты мин беш жуз) сомдон жөлөк пул ( подемный) төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Элге,комиссиянын чечими менен социалдык жардам бөлүмүнө 599,0 мин сом бекитилсин.
20. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
21. 2021-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.
22. 2021-жылга статистерге айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизилсин.
23. Айыл өкмөтүндө 2021-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизуу, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.
24. Мекеме ишканаларга 174 тонна көмүргө 763,9 мин сом бекитилсин.
25. Б.Төрөгелдиев мектебине ашкана оңдоого 1100,0 мин сом, Маданият үйүнүн ичин оңдоого 500,0 мин сом , жалпы 1600,0 мин сом акча каражатын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгы аркылуу суралсын .
26. 2021-жылда пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган жана МСА эл.порталынан үнөмдөлгөн каражаттыр Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине 1 бөлүмүнүн 3 пунктуна ылайык айылдык Кеңештин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.
27. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жургузуу жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
28. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко жүктөлсүн.
29. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
30. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы Кок-Арт айыл окмотуно милдеттендирилсин.
31. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |