Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 2
2020-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүү жөнүндө
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-айында кошумча кирешелердин жана чыгшалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковтун билдируусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык Кенешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII – сессиясы токтом кылат:
1 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан жана такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарынан жалпы 2 072 967 сом акча каражатын, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенешке акча каражатын сурап жазган атуулдардын кайрылуусунун негизинде жана айыл аймагында социалдык инфратсруктураларга болгон муктаждыктарды эске алып төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
2 1-январь 2021-жылга калган калдык 2 072 967 сом бөлүнсүн.
3 Атайын каражат эсебинде калган 139200 сом калдык балдар бакчасына керектелүүчү эмеректерди сатып алууга жумшалсын.
4 Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5 Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6 Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө жагын, Көк-Арт айылдык кеңешинин бюджет комитетинин жүктөлсүн.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |