Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 3
Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген жердин мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген жердин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, КРӨнун 2008-жылдын 17-июнундагы № 306-токтому, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча түзүлгөн туруктуу камиссиясынын 12-февраль 2020-жылдагы АКТсы, КРнын ӨКМнин мониторинг департаменти экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмүнүн 06-март 2020-жылдагы №37 корутундусу, Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын 21-январь 2020-жылжагы АКТсы жана акимдин 21-август 2020-жылдагы № 179-б буйругунун негизинде, Көк-Арт айылдык Кенешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Тургунбаев Нургазыга өздөштүрүүгө берилген 1,5 га жер өздөштүрүлгөндүгү үчүн , Көк-Арт айыл кенешинин сессиясынын жыйынтыгы менен жеке менчике берилсин.
2. Токтомду каттоо жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштыруу жагы жоопту катчыга жүктөлсүн.
3. Жерди бөлүү жана картасын даярдоо жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровко жүктөлсүн.
4. Токтомдун бир нускасы Тургунбаев Нургазыга берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.
6. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |