Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жерлердин салыгын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КЭБүнүн башчысы Ж.Садыков тарабынан, райондук каржы башкармалыгынан келген 27.02.2017-жылы №36/6 сандуу каты менен тааныштырып сунуштады , жогорудагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КЭБүнүн башчысы Ж.Сыдыковдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:
1 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн дотациядан чыгуу максатында үлүш жер салыгынын көлөмүнүн көбөйтүү боюнча сунушу бекитилсин.
2 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жер салыгынын көлөмү 1(бир) жылга, шартуу сугат – 207сомго жана кайракы - 166 сомго көтөрүлсүн.
3 Токтомго ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жер салыгынын төлөмү ар 1(бир) жылга, шартуу сугат – 207сомдон жана кайракы - 166 сомдон, 2022-жылдын 1-январынан тартып алынсын.
4 Бул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
5 Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6 Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |