Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 5
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин торук өткөрүү комиссиясынын жана айылдык кеңешинин комитеттеринин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айылдык кенешинин айрым депутаттарынын өз арыздары менен депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу,КБФнын жерлерине торук өткөзүү комиссиясынын курамын өзгөртүүсү жөнүндө сунуштар угулуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы
токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин торук өткөрүү боюнча комиссия жана айылдык кеңештин комитет курамындагы айрым депутаттарынын өз арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу, комиссия курамына өзгөртүү жөнүндө сунуш бекитилсин .
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына шайлангандыгына байланыштуу мурдагы айылдык кеңештин депутаты Жумуков Эмильбек Маматжановичтин ордуна, кезеги келген айылдык кеңештин депутаты Темиров Улан Мурзакулович Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин торук өткөрүү боюнча комиссия жана айылдык кеңештин айыл чарба комитетинин курамына киргизилсин.
3. Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Жолдошев Нургазы Сейитмаматович өз арызы менен айылдык кенештин депутатынын мандатын тапшыргандыгына байланыштуу, ордуна кезеги келген айылдык кенешинин депутаты Кумуев Мирбек айылдык кенешинин укук комитетинин курамына киргизилсин.
4. Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Абдразаков Кенешбек айылдык кеңешинин бюджет комитетинен укук комитетине которулсун.
5. Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Эгембердиев Темирбек айылдык кеңешинин укук комитетинен бюджет комитетине которулсун.
6. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |