Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 6

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Спорт боюнча чон жетишкендиктерге жетишкен Көк-Арт айыл өкмөттөн чыккан спортчуларга стимулдук сыйлык катары берүү жөнүндө, Көк-Арт айылдык кенешинин депутаты А.Сатаровдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу учүн жер тилкелери трансформациядан өткөндөн кийин, турак-жай куруу учүн, жер тилкелерин бөлүштүргөн учурда, төмөндөгү тизмеге ылайык, кезексиз 4(төрт) спортчуга жер тилкелери бөлунүп берилсин.

1.         Максатбеков Сыргак.

2.         Асанов Эсен.

3.         Сулайманов Калыбек.

4.         Жээнтаев Курстан.

2.  Бул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү комиссиясына жүктөлсүн.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров