Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 7
Көк-Арт айыл аймагына IFAD тарабынан каржыланып АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнуктүрүү” /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы эксплуатациалоо жөнүндө ЖОБОну бекитүү жана техниканын тарифин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Батыровдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагында IFAD тарабынан каржыланып, АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы жана айыл чарба шаймандарын эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБО бекитилсин.
2. Техниканы иштетүүдө 1(бир) жылына жайыт комитетинин төрагасы менен түзгөн келишимдин негизинде ;
1. 1(бир) даана сеялка үчүн - 20035 сом
2. 1(бир) даана кичи дробилка учүн - 2054 сом акча каражатына, 7(жети) жылга ижарага берилсин.
3. Техниканы жана айыл чарба шаймандарын алуу үчүн 25% жамааттык салымды өз акча каражаты менен жалпы 169,000 сом төлөнгөндүгүнө байланыштуу, ошол фермерлерге 7-жылдык мөөнөткө жогорудагы 2-пункта көрсөтүлгөн шартта ижарага пайдаланууга берилсин .
4. Ижара акчасынын убактысы бүткөндөн кийин, 2-пунктагы көрсөтүлгөн техникалар ижара пайдалануучуларга калсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |