Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 8
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн орун басары К.Арстанбеков тарабынан тааныштырылып сунушталды , жогорудагы сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезексиз XXII-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Сузак райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ортосунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |