Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-августу № 30
Курама айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-жарым жылынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн аткаруу жөнүндө отчету жана максаттуу трансфертти кириштөө жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.К Космосаалыевтин 2022-жылдын 1-жарым жылынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн аткаруу жөнүдө отчетун жана айыл өкмөтүнүн бюджетине 857,0 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен максаттуу трансферт жергиликтүү бюджетке түшкөнүнө байланыштуу, туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо жөнүндө маалыматын угуп, Курама айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн 857,0 миң сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфет акча каражаты, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизилсин.
2. 2022-жылдын 3-кварталында кредиттерди жылдыруу максатында:
-Түшкөн 857,0 миң сом акча каражаты “Мамлекеттик кызматтар” (Госуслуги) бөлүмүнүн 22154100 беренеси “Өкүлчүлүк чыгымдар” 160,0 миң сомго, “Мамлекеттик кызматтар” (Госуслуги) бөлүмүнүн 22154900 беренеси “Башка чыгымдар “100,0миң сомго, “Мамлекеттик кызматтар” (Госуслуги) бөлүмүнүн 27213100 беренеси “Компенсация жана ордун толтуруу” 247,0 миң сомго, “Спорттук курулуштар жана борборлор” бөлүмүнүн 22221200 беренеси “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” 350,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- “ТЖЧК” (ЖКХ) бөлүмүнүн “Башка объектилерди сатып алуу жана куруу”31113290 беренеси 700,0 миң сом азайтылып, “Орто мектеп” (СШ) бөлүмүнүн “Жабдуу материалдарды сатып алуу “ 22221100 беренеси 700,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- “Орто мектеп” (СШ) бөлүмүнүн 31113290 беренеси “Башка имараттарды оңдоо” 335,0 миң сомго жана “ТЖЧК” (ЖКХ) бөлүмүнүн “Башка объектилерди сатып алуу жана куруу”31113290 беренеси 85,0 миң сомго азайтылып, “Спорттук курулуштар жана борборлор бөлүмүнүн” “Башка имараттарды капиталдык оңдоо” 31112390 беренеси 420,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- “ТЖЧК” (ЖКХ) бөлүмүнүн “Башка объектилерди сатып алуу жана куруу” 31113290 беренеси 2,0 миң сомго азайтылып, “Бала-бакча” (Дет.сад) бөлүмүнүн “Имараттарды учурда оңдоп-түзөө “ 22211100 беренеси 2,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджеттик комиссиянын төрагасы Д.Манамкуловко жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Р.Мамбеталиев |