Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 2
Ноокен райондук калкты каттоо жана виза бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.М.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтү менен Ноокен райондук калкты каттоо жана виза бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча типтүү келишими бекитилсин.
3. Бекитилген келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |